# 38-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп табуу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: XI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 38-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38

---

Эгерде товардын чыккан жеринин аталышын каттоо ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, ал күчүнө кирүүчү бардык мөөнөттүн ичинде жараксыз деп табылышы мүмкүн. Товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе же товардын чыккан жеринин аталышын каттоо жараксыз деп табылганына байланыштуу, жараксыз деп табылышы мүмкүн. Ушул статьянын биринчи-экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ар кандай адам товардын чыккан жеринин аталышын каттоого жана товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Каршы пикир билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир билдирген адам, ошондой эле күбөлүктүн ээси да анын каралышына катышууга укуктуу. Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-37)  
Кийинки берене: [38-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38-1)
