# 38-1-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүнүн токтотулушу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: XI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 38-1-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38-1

---

Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун күчү төмөндөгү учурларда токтотулат:

- ушул географиялык объектиге мүнөздүү болгон шарттардын жок болуп кетишине жана товарды Реестрде көрсөтүлгөн касиеттер менен өндүрүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу;

- чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактардын ушул товардын чыгарылган жеринин аталышына товар чыгарылган өлкөнүн укугун жоготуусуна байланыштуу.

Товардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчү төмөндөгү учурларда токтотулат:

- ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоонун күчүнүн токтотулушуна байланыштуу;

- ушул Мыйзамдын 33-статьясында каралган анын күчүнүн мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу;

- товардын чыгарылган жеринин ушул аталышына карата товардын Реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин жоготушуна байланыштуу;

- укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жак жоюлганда же жеке жактын - күбөлүктүн ээсинин ишкердик иши токтотулганда;

- күбөлүктүн ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө жана экинчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацында каралган негиздер боюнча кайсы жак болбосун товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана товардын чыккан жеринин сатылышынан пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүн жоготушуна карата Алелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Арыз келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечимине арыз ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-38)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-39)
