38-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп табуу
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · XI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Эгерде товардын чыккан жеринин аталышын каттоо ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, ал күчүнө кирүүчү бардык мөөнөттүн ичинде жараксыз деп табылышы мүмкүн. Товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе же товардын чыккан жеринин аталышын каттоо жараксыз деп табылганына байланыштуу, жараксыз деп табылышы мүмкүн. Ушул статьянын биринчи-экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ар кандай адам товардын чыккан жеринин аталышын каттоого жана товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Каршы пикир билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир билдирген адам, ошондой эле күбөлүктүн ээси да анын каралышына катышууга укуктуу. Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-38" title="38-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>