# 33-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 33-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-33

---

Күбөлүк Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот. Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү күбөлүктүн ээсинин арызы боюнча жана күбөлүктүн ээси ушул географиялык объектиде тураарын жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттери бар товарды өндүрөөрүн ырастоочу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу берилген шартта узартылышы мүмкүн. Арыз күбөлүк күчкө ээ болуучу акыркы жылдын ичинде берилет. Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү ар жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн күчүн узартуу үчүн күбөлүктүн ээсинин өтүнүчү боюнча ага күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин, кошумча алым төлөөнүн шартында алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн. Күбөлүк күчкө ээ болуучу мөөнөттү узартуу жөнүндө Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана күбөлүккө жазылып коюлат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-34)
