# 32-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын колдонуу укугуна күбөлүк берүү. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 32-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-32

---

Товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана белгиленген алымды төлөө шартында аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө экспертизанын чечиминин негизинде Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын товарлардын чыгарылган жеринин аталыштарынын Мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жүргүзөт. Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Алым өтүнмө ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечимин алган күндөн тартып эки ай ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч ай аралыгында кошумча алым төлөгөн шартта алынат. Каттоого жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө тийиштүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан аларды Реестрге киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат. Күбөлүктү берүү Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыялагандан кийин бир айдын ичинде жүргүзүлөт. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-33)
