Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын колдонуу укугуна күбөлүк берүү. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · IX бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана белгиленген алымды төлөө шартында аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө экспертизанын чечиминин негизинде Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын товарлардын чыгарылган жеринин аталыштарынын Мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жүргүзөт. Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Алым өтүнмө ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечимин алган күндөн тартып эки ай ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч ай аралыгында кошумча алым төлөгөн шартта алынат. Каттоого жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө тийиштүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан аларды Реестрге киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат. Күбөлүктү берүү Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыялагандан кийин бир айдын ичинде жүргүзүлөт. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-32" title="32-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>