# 31-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 31-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-31

---

Өтүнмө ээси алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасынын чечимине макул болбосо, ал чечимди алган күндөн тартып үч айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты ай ичинде сотко даттана алат. Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн, мында бул өтүнүч мөөнөттөрдүн аяктаганынан эки ай кечикпей, буга жүйөлүү себептерди жана алымдын төлөнүшүн ырастаган шартта берилүүгө тийиш. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-32)
