# 3-статья. Товардык белгини укуктук жактан коргоо. Товардык белгиге карата өзгөчө укук

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 3-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-3

---

Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук жактан коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде, же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жараша жүргүзүлөт. Товардык белги юридикалык жактын, ошондой эле ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн. Товардык белгинин ээсинин товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле башка адамдарга аны пайдаланууга тыюу салууга өзгөчө укугу бар. Кыргыз Республикасында товардык белгинин ээсинин уруксатысыз эч ким аны пайдалана албайт. Товардык белгиге өзгөчө укук күрөө предмети боло алат. Товардык белгини уруксатсыз жасап алуу, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө башка жол менен киргизүү, же ушул белги менен белгиленген товарды ушул максатта сактоо, бир тектүү товарларды аралашып кетүү даражасына чейин аларды окшоштуруп белгилөө, товардык белгинин ээсинин укугун бузуу деп таанылат. Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товардык белгини киргизген күндөн тартып товардык белгиге өзгөчө укук пайда болот. Товар ээсинин белгилерине аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей товардык белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары санкциясыз пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат. Товардык белгини же аны менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-февралындагы № 04-р чечими (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-4)
