# 28-статья. Укуктук коргоонун келип чыгышы

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 28-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-28

---

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук коргоо Кыргыз Республикасында аны ушул Мыйзам белгилеген тартипте каттоонун негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жараша келип чыгат. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы мыйзам менен корголот. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттаган адам, эгерде ушул адам өндүрүп жаткан товар ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгү белгилеген талаптарга жооп берсе, аны пайдаланууга укук алат. Белгиленген тартипте катталган товарлардын чыгарылган жеринин ушул эле аталышын пайдаланууга укук, ошол эле географиялык объектиде турган жана ошол эле касиеттеги товар өндүрүп жаткан ар кандай юридикалык же жеке жакка берилиши мүмкүн. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышынын каттоосу мөөнөт менен чектелбейт. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-29)
