# 25-статья. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 25-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-25

---

Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын каттоо күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндөгү маалыматтар жарыяланган күндөн тартып беш жыл бою товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Бул ченем караниеттик менен катталган жана пайдаланылган товардык белгилерге жайылтылбайт. Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, товардык белгинин катталыш аракетинин бүткүл мөөнөтүндө бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Кайсы жак болбосун ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө товардык белгини каттоого карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир бере алат. Товардык белгини каттоого карата каршы пикир билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-26)
