# 23-статья. Товардык белгини пайдаланууга лицензия берүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 23-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-23

---

Катталган бир товарга, бир нече же бардык товарларга карата товардык белгини пайдалануу укугу товардык белгинин ээси тарабынан (лицензиар) лицензиялык келишим боюнча башка адамга (лицензиатка) берилиши мүмкүн. Лицензиялык келишим лицензиаттын товарларынын сапаты лицензиардын товарларынын сапатынан төмөн болбостугу жөнүндөгү шартты жана бул шартты аткарууга контролду лицензиар ишке ашыра тургандыгын камтууга тийиш. Жамааттык товардык белгилер лицензиялык келишимдин предмети боло албайт.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-22)  
Кийинки берене: [23-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-23-1)
