# 20-статья. Товардык белгини пайдалануу жана аны пайдаланбоодон келип чыккан кесепеттер

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 20-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-20

---

Товардык белгини пайдалануу деп товардык белгинин ээсинин же ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык лицензиялык келишимдин негизинде ушундай укук берилген жактын булар үчүн товардык белги катталган товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонуусу эсептелет. Ошондой эле товардык белгини рекламага, басма сөз басылмаларына, расмий бланктарга, көрнөктөргө колдонуу, Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде экспонаттарды көрсөтүүдө колдонуу да товардык белгини пайдалануу деп таанылышы мүмкүн, мында товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонбоонун жүйөлүү себептери болууга тийиш. Товардык белгини Интернет түйүнүндөгү дарек катары колдонуу да пайдалануу деп таанылышы мүмкүн. Далдалчылык ишти аткаруучу юридикалык жана жеке жак келишимдин негизинде товарларды жасоочунун товардык белгиси менен катар, ошондой эле анын товардык белгисинин ордуна өзүнүн товардык белгисин пайдаланышы мүмкүн. Товардык белгини каттоонун күчү товардык белги соттун чечиминин негизинде ал катталган күндөн тартып үч жыл катары менен үзгүлтүксүз пайдаланылбай калганга байланыштуу товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө карата мындай үзгүлтүксүз пайдаланылбай калган мезгилде кайсы жактын болбосун арызы боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу товардык белгини каттоонун күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алууда товардык белгинин ээсинин ага байланышпаган жагдайлар, анын ичинде, алар үчүн товардык белги катталган товарларга мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр боюнча аны пайдаланбай калгандыгы жөнүндөгү далилдери эске алынышы мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-21)
