# 19-статья. Жамааттык белгини каттоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 19-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-19

---

Жамааттык белгини каттоо ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Буга кошумча Реестрге жана күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндөгү маалыматтар, уставга жана анын күнүнө шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Жамааттык белгинин ээси жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргызпатентти кабарландырып турат. Жамааттык белгиге берилген өтүнмөнү каттоого жамааттык белгинин уставы кошо тиркелет, анда аталыштар, юридикалык жактардын, бул белгини пайдаланууга укугу барлардын тизмелери, аны каттоонун максаты жана жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөсүнүн тизмеси, аны пайдалануунун шарттары, аны пайдаланууну, көзөмөлдөөнүн тартиби, жамааттык белгинин уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндөгү маалыматтар камтылат. Жамааттык белгини бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга пайдаланган учурда, каттоонун күчү кайсы жактын болбосун арызы боюнча соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-20)
