# 17-2-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 17-2-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-2

---

Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-1)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-18)
