17-2-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-17-2" title="17-2-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>