# 17-1-статья. Жалпыга белгилүү товардык белги

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 17-1-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-1

---

Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча аны мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же бул белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн күнгө карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылышы мүмкүн. Эгерде алар бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон башка жактын товардык белгисинин артыкчылык алган күнүнөн кийин кеңири белгилүү болуп калса, товардык белги жана белгилөө жалпыга белгилүү товардык белги болуп таанылышы мүмкүн эмес. Жалпыга белгилүү товардык белгиге товардык белги үчүн ушул Мыйзамда каралган укуктук коргоо берилет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укукту таанууну билдирет. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат. Эгерде көрсөтүлгөн товарларга карата башка жак тарабынан бул товардык белгини пайдалануу керектөөчүлөрдө жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана ушундай ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеши мүмкүн болсо, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук жактан коргоо ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылган бир түрдүү эмес товарларга жайылтылат. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17)  
Кийинки берене: [17-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17-2)
