# 16-статья. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 16-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-16

---

Товардык белгинин ээси өзгөртүүлөр жөнүндө товардык белгинин ээсинин аталышын, фамилиясын, атын же атасынын атын, товардык белгини каттоодогу товарлардын тизмесинин кыскартылышын, товардык белгинин маңызын өзгөртпөй турган анын айрым элементтеринин өзгөртүлүшүн, товардык белгини каттоого тиешеси бар башка өзгөртүүлөрдү Кыргызпатентке кабарлап турат. Товардык белги катталган товарлардын тизмесин толуктоо зарылдыгы чыккан учурда, жаңы өтүнмөнү даярдоо талап кылынат. Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет. Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор алым төлөнбөстөн Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-17)
