# 11-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 11-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-11

---

Өтүнмө ээси алдын ала экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгинин экспертизасынын чечимине макул болбосо,ал чечимди алган күндөн тартып үч ай ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир билдирүүгө акылуу. Каршы пикир билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралып чыгууга тийиш. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга акылуу. Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин бир ай ичинде өтүнмө ээси ушул материалдардын көчүрмөсүн сурап ала алат. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 10-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөттөрү, мөөнөттөр аяктагандан кийин эки айдан кечикпей берилип, жүйөлүү себептер бар экендиги жана алым төлөнгөндүгү ырасталган учурда өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-12)
