# 1-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240465..1240466>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 1-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-1

---

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо жаатында бирдиктүү саясатты ишке ашырат, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин каттоого өтүнмөнү, ошондой эле товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алат, алар боюнча экспертиза жүргүзөт, алардын мамлекеттик каттоосун ишке ашырат, күбөлүк берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарына тиешелүү башка милдеттерди да ал жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык аткарат. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо укугун берүү боюнча Кыргызпатенттин иш-аракетин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал көрсөтүлгөн объектилерде пайда болуучу талаш-тартыштарды өзүнүн кызматтык укугуна жараша карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп саналат. Каршы пикирлерди Апелляциялык кеңештин карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргызпатенттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-2)
