Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин (Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияны жоюу боюнча комиссия) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Президента КР от 8 сентября 2023 года РП № 173 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 30-ноябры № 136-П Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияны жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл иш-чараларды жыйырма күндүк мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын секретариатынын мурдагы кызматчыларына эс алуу пособиелерин жана компенсацияларын төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын секретариатынын алыш-бериш эсебине которсун.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын секретариаты Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын секретариатынын мурдагы кызматчыларына бардык тиешелүү суммаларды Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын 2008-жылдын 1-июлунан баштап 2010-жылдын 31-августуна чейинки мезгилдеги бюджеттик жана башка каражаттарын пайдалануунун аудитинин 2010-жылдын 22-октябрындагы актысында камтылган Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын корутундусун эске алуу менен Жоюу палатасынын чечиминин негизинде мыйзамдарга ылайык төлөп берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук
комиссияны жоюу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бөлүм башчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 11-февралындагы ПБ № 24 (Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын ишинин токтотулушун белгиленген тартипте каттасын) буйругуРаспоряжение · 11.02.2011 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8- сентябрындагы ПТ № 173 (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарынын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 08.09.2023 · № 173
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15