# КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 114-п (Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 114-п (Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 114-П
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3310/edition/518772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 114-п (Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн) буйругу (25.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17994

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 25-октябры № 114-п Көрүнүктүү кыргыз мамлекеттик ишмери Раззаков Искак Раззаковичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына бйланыштуу:

1. Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы; Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри; Жоробекова Ш.Ж. - Улуттук илимдер академиясынын президенти; Айжигитов С.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Сайдуллаев Н. - Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы; Эркебаев А.Э. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Айбалаев М.М. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Гапыров А.Ж. - И.Раззаков фондусунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Шадиев А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Айтбаев У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчисинин орун басары; Дүйшөналиев Т.Б. - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору; Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор; Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; Исаев Т.К. - ишкер (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

4..Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Э.С.Каптагаевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
