Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин (Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 25-октябры № 114-п Көрүнүктүү кыргыз мамлекеттик ишмери Раззаков Искак Раззаковичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына бйланыштуу:
1. Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы; Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри; Жоробекова Ш.Ж. - Улуттук илимдер академиясынын президенти; Айжигитов С.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Сайдуллаев Н. - Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы; Эркебаев А.Э. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Айбалаев М.М. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Гапыров А.Ж. - И.Раззаков фондусунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Шадиев А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Айтбаев У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчисинин орун басары; Дүйшөналиев Т.Б. - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору; Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор; Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; Исаев Т.К. - ишкер (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4..Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Э.С.Каптагаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.