# КР Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 75-П (Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 75-П (Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 75-П
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3289/edition/518010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 75-П (Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын) буйругу (27.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17973

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 27-августу № 75-П "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын.

2. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору Жумалиев Аскар Дүйшөнбекович дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаардык кеңеши менен бирдикте Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
