# Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15353/edition/1291520/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179416

---

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4

Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Жумгал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын 28.10.2021-жылдагы №128-Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 24.01.2023-жылдагы ”Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону” бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрүү боюнча Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

Төрага:

А.Муталиев
