Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4
Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Жумгал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын 28.10.2021-жылдагы №128-Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 24.01.2023-жылдагы ”Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону” бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрүү боюнча Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага:
А.Муталиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2023 · № 35