# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-январындагы № 6 "Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-январындагы № 6 "Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1719/edition/285028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1794.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-январындагы № 6 "Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (17.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1794

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-январы № 6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери

жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизүү тууралу

2005-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы](https://aqlex.ai/kg/doc/1794/st-1)

эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №5, 79-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 14-статьяда:

- 6-пункт "врачтардын" деген сөздөн кийин "белгиленген ченемдердин

чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункттагы "толук" деген сөз "орто" деген сөзгө алмаштырылсын;

пункт "дарыланууга" деген сөздөн кийин "эмгек жана социалдык коргоо жа-

гындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген" деген сөздөр менен

толукталсын;

- 19-21, 33-пункттар алып салынсын;

- 21а-32-пункттар 19-30-пункттар деп эсептелсин.

2. 15-статьяда:

- 7-пункт "врачтардын" деген сөздөн кийин "белгиленген ченемдердин

чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункттагы "толук" деген сөз "орто" деген сөзгө алмаштырылсын;

пункт "дарыланууга" деген сөздөн кийин "эмгек жана социалдык коргоо жа-

гындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген" деген сөздөр менен

толукталсын;

3. 17-статьяда:

- 1-бөлүмдүн биринчи абзацындагы "(1-пункттан башка)" деген сөздөр

"(1 жана 19-пункттардан башка)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:

"1. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуу-

чуларына жана алар менен чогуу жашап жаткан эмгекке жарамсыз үй-бүлө

мүчөлөрүнө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (жылытуу, муздак жана ысык

суу менен жабдуу, газ, лифт, канализация, таштандыларды жана турмуш ти-

ричиликтин катуу калдыктарын ташып чыгаруу), электр энергиясына, теле-

фон, радио жана жамааттык антенна үчүн абоненттик акы төлөөдө 50 про-

цент жењилдик, ал эми борбордук жылытуусу жок үйлөрдө жашагандарга -

калкка сатуу үчүн белгиленген нормалардын чегинде сатып алынган отунга

жана аны жеткирүү үчүн транспорттук кызматтарга акы төлөөдө 50 процент

жењилдик берилет.";

- 1-бөлүмдүн 1-4-пункттары тийиштүүлүгүнө жараша 1-5-пункттар деп

эсептелсин.

4. 20-статьянын 1-пункту "врачтардын" деген сөздөн кийин "белги-

ленген ченемдердин чегинде" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада

мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-

рында иштеген жана "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган

адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйлан-

ган адамдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик

согуштун катышуучулары үчүн жењилдиктерден жана кепилдиктерден пайдала-

нышат.".

6. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын

өнөктөштөрү тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка

мажбурлап кармоочу жерлердин жашы жетпеген туткундары ушул Мыйзамдын

14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн

жењилдиктерден жана кепилдиктерден пайдаланышат.".

7. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана

сан (түр) формасындагы "мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелер"

деген сөздөр "дарылоо-профилактикалык уюмдар" деген сөздөр менен, ал

эми "эмкана" жана "амбулаториялык эмкана мекемелер" деген сөздөр тие-

шелүү жөндөмөлөрдөгү "баштапкы дењгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюм-

дар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья. Ушул Мыйзам, 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире](https://aqlex.ai/kg/doc/1794/st-2)

турган 1-статьянын 5 жана 6-пункттарынан тышкаркысы, расмий жарыяланган

күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
