Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 17-январы № 6
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери
жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү тууралу
2005-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы
эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №5, 79-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 14-статьяда:
- 6-пункт "врачтардын" деген сөздөн кийин "белгиленген ченемдердин
чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункттагы "толук" деген сөз "орто" деген сөзгө алмаштырылсын;
пункт "дарыланууга" деген сөздөн кийин "эмгек жана социалдык коргоо жа-
гындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген" деген сөздөр менен
толукталсын;
- 19-21, 33-пункттар алып салынсын;
- 21а-32-пункттар 19-30-пункттар деп эсептелсин.
2. 15-статьяда:
- 7-пункт "врачтардын" деген сөздөн кийин "белгиленген ченемдердин
чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттагы "толук" деген сөз "орто" деген сөзгө алмаштырылсын;
пункт "дарыланууга" деген сөздөн кийин "эмгек жана социалдык коргоо жа-
гындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген" деген сөздөр менен
толукталсын;
3. 17-статьяда:
- 1-бөлүмдүн биринчи абзацындагы "(1-пункттан башка)" деген сөздөр
"(1 жана 19-пункттардан башка)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуу-
чуларына жана алар менен чогуу жашап жаткан эмгекке жарамсыз үй-бүлө
мүчөлөрүнө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (жылытуу, муздак жана ысык
суу менен жабдуу, газ, лифт, канализация, таштандыларды жана турмуш ти-
ричиликтин катуу калдыктарын ташып чыгаруу), электр энергиясына, теле-
фон, радио жана жамааттык антенна үчүн абоненттик акы төлөөдө 50 про-
цент жењилдик, ал эми борбордук жылытуусу жок үйлөрдө жашагандарга -
калкка сатуу үчүн белгиленген нормалардын чегинде сатып алынган отунга
жана аны жеткирүү үчүн транспорттук кызматтарга акы төлөөдө 50 процент
жењилдик берилет.";
- 1-бөлүмдүн 1-4-пункттары тийиштүүлүгүнө жараша 1-5-пункттар деп
эсептелсин.
4. 20-статьянын 1-пункту "врачтардын" деген сөздөн кийин "белги-
ленген ченемдердин чегинде" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада
мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-
рында иштеген жана "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган
адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйлан-
ган адамдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик
согуштун катышуучулары үчүн жењилдиктерден жана кепилдиктерден пайдала-
нышат.".
6. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын
өнөктөштөрү тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка
мажбурлап кармоочу жерлердин жашы жетпеген туткундары ушул Мыйзамдын
14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн
жењилдиктерден жана кепилдиктерден пайдаланышат.".
7. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана
сан (түр) формасындагы "мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелер"
деген сөздөр "дарылоо-профилактикалык уюмдар" деген сөздөр менен, ал
эми "эмкана" жана "амбулаториялык эмкана мекемелер" деген сөздөр тие-
шелүү жөндөмөлөрдөгү "баштапкы дењгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюм-
дар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья. Ушул Мыйзам, 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире
турган 1-статьянын 5 жана 6-пункттарынан тышкаркысы, расмий жарыяланган
күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
Шилтеме берет (1)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14