# Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 14 "Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 14 "Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15305/edition/1290604/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 14 "Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179363

---

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы 2023-жылдын 28-февралы № 14 Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасын 2022-жылдын 20-январындагы №9 мыйзамында "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-26-февраль күндөрү ар бир айылдарда өткөрүлгөн №1,2,3,4,5- жалпы элдик чогулушунун протоколдорунун негизинде, Дара айылдык кеңеши токтом кылыт:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүп берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Керектүү иш кагаздарын жүгүзүү жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж.Үсөновко милдеттендирилсин.

Айылдык кеңешинин төрайымы

Р.Сайкалова
