# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/22
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15262/edition/1290458/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (06.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179315

---

CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын

2023-жылдын 06-октябры № 4/22

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы ПЖ №54 Жарлыгын жетекчиликке алып Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №54 Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

Тѳрага:

А. Зарылбек уулу
