# Сосновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14 “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Сосновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14 “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15217/edition/1289858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сосновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14 “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” токтому (12.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179253

---

СОСНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 12-сентябрындагы № 14

“Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, “Кыргыз Республкасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Сосновка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сосновка айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Сосновка, Талды-Булак, Сары-Булак айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушу «Талды-Булак айыл аймагы» деген жаңы аталыш берилсин.

3. Сосновка айылынын аталышы ошол бойдон калсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Сосновка айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысыСырдыбаев Урмат Кулматовичке жүктөлсүн.

Сосновка айылдык кеңешинин төрагасы

Д.А.Молтоев
