Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Жер участокторду алмашууга макулдук беруу жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
от 14 июля 2023 года № 89
"Жер участокторду алмашууга макулдук беруу жөнүндө"
Жергиликтуу маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Башкармалыктын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 23602 катына ылайык, Бишкек шаардык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлгөн 2023-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № 11/733 катка ылайык (тиркелет), Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте муниципалдык жер участокторду алмашууну жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы аларды өткөрүп бергенге чейин алмаштырылуучу жер участокторду баалоону жүргүзсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мулк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген орун басарына жуктелсун.
Председатель
К. Конгантиев
Бишке шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14 июлундагы № 89 токтомуна тиркеме
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123