Александровка айылдык кеңешинин «Жер мунапысын өткөрүүнүн чегинде Александровка айыл аймагынын айылдары боюнча жеке менчикке бекитүү үчүн жер мунапысына туш болгон жер тилкелеринин (короолор) аянттарына ченем белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 20-сессиясынын токтому
2023-жылдын 16-майындагы № 76
Жер мунапысын өткөрүүнүн чегинде Александровка айыл аймагынын айылдары боюнча жеке менчикке бекитүү үчүн жер мунапысына туш болгон жер тилкелеринин (короолор) аянттарына ченем белгилөө жөнүндө Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча башкы адиси Д.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Александровка айыл аймагынын жашоочуларынын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомуна, Александровка айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги протоколуна ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомун аткарууда жеке менчикке бекитүү үчүн жер мунапысына туш болгон жер тилкелеринин (короолор) аянтарына ченемдер айылдар боюнча төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
- Беш-Көрүк айылы – 0,30 га чейин (3000,0 кв.м)
- Крупское айылы – 0,20 га чейин (2000,0 кв.м.)
- Александровка айылы – 0,25 га га чейин (2500,0 кв.м.)
2. Александровка айыл өкмөтү жер мунапысына туш болгон жер тилкелерине (короолор) иш кагаздарын жүргүзүүдө ушул токтомду жетекчиликке алсын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2022 · № 291
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.