# Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2 "Административдик-аймактык реформа жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2 "Административдик-аймактык реформа жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-2
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15208/edition/1289990/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2 "Административдик-аймактык реформа жөнүндө" токтому (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179242

---

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын

2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2

Административдик-аймактык реформа жөнүндө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 350 Жарлыгына ылайык “Административдик-аймактык реформа жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык аймакта, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын айыл аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик-аймактык реформаны” мыйзам чегинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы

Д.Д.Рахманова
