# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-марты № 118 “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-марты № 118 “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15199/edition/1289570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-марты № 118 “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179232

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы (V чакырылыш)

2023-жылдын 30-марты № 118 “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Ош шаарынын мэри Б.Ж.Жетигеновдун “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1.“Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин (тиркелет).

2.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №21 “Келечекке татыктуу шаар” аталышындагы Ош шаарын 2023-2025-жылдарга өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Ош шаарында жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерүү боюнча Ош шаардык Кеңешинин фракция мүчөлөрүнөн жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган депутаттык комиссия түзүлсүн.

4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага

С.С. Назылбеков
