Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы (V чакырылыш)
2023-жылдын 30-марты № 118 “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Ош шаарынын мэри Б.Ж.Жетигеновдун “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1.“Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин (тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №21 “Келечекке татыктуу шаар” аталышындагы Ош шаарын 2023-2025-жылдарга өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ош шаарында жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерүү боюнча Ош шаардык Кеңешинин фракция мүчөлөрүнөн жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
С.С. Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Программа (Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы№118 токтомуна тиркеме)Программа · 30.03.2023 · № 118
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 21 «Келечекке татыктуу шаар» аталышындагы Ош шаарын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 21 · Күчүн жоготкон