# Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-мартындагы № 18 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-мартындагы № 18 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15186/edition/1289474/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-мартындагы № 18 "Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179202

---

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы 2023-жылдын 9-марты № 18 Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.01.2023-жылдагы №01-13/18сандуу катын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Кабыл алынган Жергиликтүү жамааттын уставынын негизинде айыл аймакта иш алып баруу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Ж.Шакиров
