# 8-статья. Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 104 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792#diff=1264747..1264748>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 8-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-8

---

Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби, аларга карата жаш курактык жана башка талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эл аралык келишимдерде жана укуктук актыларда белгиленет жана жөнгө салынат. Кыргыз Республикасына жекече иштери боюнча, ошондой эле ишкердик максаттары менен, окууга жана туристтер катары келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношо алышпайт. Кыргыз Республикасына келишкен эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, өздөрү убактылуу жашаган жерде жана мейманканаларда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруута (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишимдин күч-аракетинин мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү иш берген мамлекеттен чыгып кетүүгө милдеттүү. Эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү зарыл болгон учурда кандай гана убакытта болсун Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-9)
