8-статья. Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 июля 2011 года № 104
Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби, аларга карата жаш курактык жана башка талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эл аралык келишимдерде жана укуктук актыларда белгиленет жана жөнгө салынат. Кыргыз Республикасына жекече иштери боюнча, ошондой эле ишкердик максаттары менен, окууга жана туристтер катары келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношо алышпайт. Кыргыз Республикасына келишкен эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, өздөрү убактылуу жашаган жерде жана мейманканаларда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруута (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишимдин күч-аракетинин мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү иш берген мамлекеттен чыгып кетүүгө милдеттүү. Эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү зарыл болгон учурда кандай гана убакытта болсун Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-8" title="8-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>