# 7-статья. Эмгекчи-мигранттар үчүн квоталар

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 14.03.2018 [Закон КР от 14 марта 2018 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О государственной пошлине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111762); 25.02.2009 [Закон КР от 25 февраля 2009 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203116)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792#diff=1264752..1264753>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 7-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-7

---

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу квотасы жыл сайын, ар бир календарлык жыл башталганга чейин төрт ай мурда мамлекеттик кызыкчылыктарды жана ички рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган эмгек миграциясына квоталарды Кыргыз Республикасында ишке орноштуруу максатында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тартуучу иш берүүчүлөрдүн арасынан алардын республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укуктарын эске алуу менен бөлүштүрөт. Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар эмгектик иш-аракетин төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырат:

- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат;

- чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотанын чегинде, иш берүүчүнүн арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат. Мында алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосу керек. Бир чарба жүргүзүүчү субъектте кызматкерлердин жаппы санынын 20 пайызынан ашкан санда чет өлкөлүк адистер тартылган учурда, иш берүүчү лимиттен ашыкча тартылган чет өлкөлүк кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эселенген мамлекеттик алым төлөйт;

- чет өлкөлүк жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде, эмгек миграциясына квотанын чегинде өз арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-8)
