# 6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруусунун тартиби

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 26.06.2020 [Закон КР от 26 июня 2020 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112049); 14.03.2018 [Закон КР от 14 марта 2018 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О государственной пошлине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111762)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792#diff=1264752..1264753>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 6-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-6

---

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмдүүлүктөрүн эркин тескөө, кесиптик билими жөнүндө тийиштүү документтери же ырастоочу документтери бар иш тажрыйбасы болгондо иштин түрүн жана кесибин эркин тандоо укугунан, ошондой эле өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана мүлкүн ишкердик жана мыйзамда тыюу салынбаган башка экономикалык иш үчүн эркин пайдалануу укугунан пайдаланышат. (Экинчи бөлүк КР 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга иш берүүчү тарабынан миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган атайын ачкан эсепке чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынан транспорттун тийиштүү түрү менен чыгып кетүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражатты (кепилдик төгүм) төгүп берген шартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан иштегенге уруксат берилет. Иш берүүчү тарабынан чет өлкөлүк кызматкерлердин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражатты төгүп берүүсүнүн жана мындай каражаттарды иш берүүчүгө кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлгиленет. Иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым алынат. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетин ушул Мыйзамдын 14-статьясында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-7)
