3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 137
Ушул Мыйзамдын күч-аракети мамлекеттик башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасында жекече ишкерлер катары катталган жана ишкердик ишти юридикалык жакты түзбөй туруп жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн чет өлкөгө жөнөтүү, чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн жактарга (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер), ошондой эле эмгекчи мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылат. Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
Ушул Мыйзам төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандарга жана (же) жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт:
а) Кыргыз Республикасынын аймагында качкын статусун же саясий баш калка алгандарга;
б) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандарга;
в) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарда иштегендерге;
г) чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан алар жөнөткөн технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргьр Республикасынын аймагында ишке ашыруу чегинде иш сапарына жөнөтүлгөн кызматкерлерге;
д) кесиптик жогорку билим берүүнүн кыргыз билим берүү программаларынын чегинде өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студенттерге, ошондой эле каникул убагында иштегендерге;
е) Кыргыз Республикасында аккредиттилеген кабарчыларга жана журналисттерге;
ж) эл аралык келишимдерде ишке орношуунун башка тартиби аныкталган адамдарга;
з) кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарга;
и) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кол коюлган күчүнө кирген макулдашуулардын алкагында гранттык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган башкаруучу компаниялардын жана подрядчы-компаниялардын жетекчилерине, ошондой эле гранттык жана инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого катышкан долбоорлоо жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлерине.
к) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алгандарга;
л) "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алган чет өлкөлүк жарандарга.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2024 года № 181 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2018 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О государственной пошлине")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эле эмгекчи мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылат. кошулду: Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
Ушул Мыйзам төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандарга жана (же) жарандыгы жок … № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № алынып салынды: 181 кошулду: 181, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Положение · 16.04.2019 · № 175
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген…Распоряжение · 26.02.2013 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
Беренеде аталган актылар (1)
- Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндөЗакон · 10.07.2025 · № 136
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-3" title="3-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>