# 28-статья. Мыйзамсыз эмгек миграциясына жол бербөө

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 28-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-28

---

Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга, ошондой эле эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө жөнөтүүгө контролдук жүргүзүүнү аткаруу бийлигинин башка органдары менен өз ара аракетте миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен бирдикте мыйзамсыз миграцияны, Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкарыда мыйзамсыз жалдоону жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн жалдоого жол бербөө жана бөгөт коюу үчүн чара көрөт. Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга жана пайдаланууга байланышкан ишинин мониторингин жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-29)
