28-статья. Мыйзамсыз эмгек миграциясына жол бербөө
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
28-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 28-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга, ошондой эле эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө жөнөтүүгө контролдук жүргүзүүнү аткаруу бийлигинин башка органдары менен өз ара аракетте миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен бирдикте мыйзамсыз миграцияны, Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкарыда мыйзамсыз жалдоону жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн жалдоого жол бербөө жана бөгөт коюу үчүн чара көрөт. Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга жана пайдаланууга байланышкан ишинин мониторингин жүргүзөт.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-28" title="28-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>