# 26-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жоопкерчилиги

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 26-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-26

---

Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракети үчүн чет өлкөгө жөнөтүү жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн тартуунун белгиленген тартибин бузууга жол берген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу эмгекчи-мигранттарды жаңылыштыкка алып келген жана миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга эмгектин мүнөзү жөнүндө жалган маалымат берген чарба жүргүзүүчү субъекттер мындай ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыратылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-27)
