26-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жоопкерчилиги
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракети үчүн чет өлкөгө жөнөтүү жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн тартуунун белгиленген тартибин бузууга жол берген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу эмгекчи-мигранттарды жаңылыштыкка алып келген жана миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга эмгектин мүнөзү жөнүндө жалган маалымат берген чарба жүргүзүүчү субъекттер мындай ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыратылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-26" title="26-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>