# 22-статья. Эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 22-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-22

---

Эмгек милдеттерин аткарууга байланышкан эмгекчи-мигранттын саламаттыгына мертинүүдөн же болбосо башка зыян келтирүүдөн улам, ошондой эле эмгекчи-мигранттын өлүмүнөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтуруу ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Эмгекчи-мигрант келишимде көрсөтүлгөн эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу өлүмгө учураган учурда ишке орноштуруучу мамлекеттин чарба жүргүзүүчү субъекти өлгөн адамдын сөөгүн жана жеке буюмдарын жөнөтүүчү мамлекеттин аймагына алып келүүнү камсыз кылат жана ага байланышкан бардык чыгымдарды көтөрөт. Чарба жүргүзүүчү субъект бул жөнүндө кызматкердин өлгөндүгүнүн фактысы боюнча материалдарды берүү менен жөнөтүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине маалымдайт. Ишке орношуучу мамлекетте эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу мертингенде же ооруп калганда, жабыр тарткан жаран өзү каалаган же ал ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте, күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган учурлардан тышкарыда, эмгекчи-мигрантты жөнөтүүчү мамлекетке чыгарып салууга жол берилбейт. Жөнөтүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси же миграция жагындагы мамлекеттик органынын өкүлчүлүгү өлгөндүгүнүн фактысы же эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жазык, сот тергөөлөрүн жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-23)
