# 2-статья. Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саясаты

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 2-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-2

---

Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саяcаты төмөнкүдөй максаттарга багытталган:

- тышкы эмгек миграциясынын процесстерин жөнгө салууга;

- Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөсүн зарыл болгон жумушчу күчү менен канааттандырууга, экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын рационалдуу жана тең салмактуу түзүмүн түзүүгө;

- улуттук эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош жумушчу орундарын ээлөөгө артыкчылыктуу укуктарын камсыз кылууга;

- легалдуу эмес тышкы эмгек миграциясынын алдын алууга жана ага жол бербөөгө;

- эмгекчи-мигранттардын укуктук жана социалдык жактан корголушун камсыз кылууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча башка мамлекеттердин квоталарын белгилөөсүнө көмөк көрсөтүүгө;

- эмгек миграциясы жагында эл аралык актыларга кошулууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого;

- эмгек рыногундагы бош орундар жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектик иш-аракетин уюштуруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын калкына дайыма маалымат берип туруу мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүгө.

Тышкы эмгек миграциясы жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге:

- адам укугу жана эмгекчи-мигранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерин жактай турганына;

- тышкы эмгек миграциясы жагындагы иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды сактоого негизделет.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-3)
