# 19-статья. Эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке мөөнөтүнөн мурда кайтып келүүсү

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 19-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-19

---

Эмгек келишими (контрактты) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим эмгекчи-мигранттын күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык анын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдары анын жекече каражаттарынын эсебинен төлөнөт. (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе). Эмгек келишими (контракт) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулганда эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдарын иш берүүчү жана чарба жүргүзүүчү субъект көтөрөт (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе).

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-20)
