19-статья. Эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке мөөнөтүнөн мурда кайтып келүүсү
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Эмгек келишими (контрактты) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим эмгекчи-мигранттын күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык анын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдары анын жекече каражаттарынын эсебинен төлөнөт. (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе). Эмгек келишими (контракт) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулганда эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдарын иш берүүчү жана чарба жүргүзүүчү субъект көтөрөт (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе).
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-19" title="19-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>