# 18-статья. Тең укуктуулук принциби

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 18-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-18

---

Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга жана Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга эмгек келишимдерин түзүүдө эмгекчи-мигранттардын укуктарынын ишке орношуп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык иш берүүчү мамлекеттин жарандары менен тең укуктуулук принциби сакталууга тийиш. Эмгекчи-мигранттарды адамдын кадыр-баркын кемсинткен, алардын саламаттыгына залал келтирген жана алардын өмүрүнө коркунуч туудурган шарттарда жалдоого жол берилбейт. Эмгек келишими боюнча эмгектенүү максатында чет өлкөгө кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктары менен милдеттери сакталат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-19)
